Депутаттар "ММКларда уу-дуу болуп жаткан маалыматты кантип билбейсиз?" деп Токой чарба агенттигинин башчысын сындашты  

Парламентте депутаттар бүгүн, 23-апрелде "Экологияны көзөмөлдөгөн башчы катары ММКларда уу-дуу болуп жаткан маалыматты кантип билбейсиз?" деп Токой чарба агенттигинин башчысы Сабир Атажановду сындашты. Депутат Ташполот Балтабаев мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда буларды билдирди:

“Профсоюз уюму “парламент мөңгүлөр тууралуу мыйзамды кабыл алса, “Кумтөрдүн” иши токтойт” деп билдирүү жасоодо. Жогорку Кеңеш туура эмес иш жасап жатканын айтып жатышат. Сиз аталган уюм менен жолугуп, алар эмнеге таянып мындай маалымат таратып жатканын сурадыңызбы?”

Сабир Атажанов мындай маалыматты укпаганын айтты эле, депутат “Экологияны караган жетекчи катары кантип укпайсыз? ММКларда уу-дуу болуп жатат” деп сындады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан