Индиянын Жабалпур шаарында “Фейсбуктагы” жалган сүрөт эки адамдын өмүрүн алып кетти. Социалдык тармак аркылуу 2 жылдан бери 21 жаштагы кыз менен сүйлөшүп келген 22 жаштагы жигит алгачкы кезигишүүсүндө "кызды" да, өзүн да атып өлтүргөн. Бул тууралуу кечээ, 22-апрелде чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта белгиленгендей, аталган жолугушууда жигиттин 2 жыл бою пикирлешип, сүрөтүнөн жактырып жүргөн сүйүктүүсү чыныгы жашоодо 44 жаштагы 3 баланын энеси экени аныкталган. Ал "Фейсбуктан" 21 жаштагы бийкеч болуп таанышып, ал жакка жаш курагындагы сүрөттөрүн жайгаштырган экен. Буга чын дили менен ишенип жүргөн жигит чыныгы жүздү көргөндө сүйүктүүсүн да, өзүн да атып салган.
Доктурга жеткирилген жигит дарыгерлерге жалганды жек көргөндүгү үчүн ушундай кадамга барганын айткан соң каза болгон.