Кечээ, 22-апрель күнү саат 15:05 чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Баетов айылындагы спортзалдын чатыры жараксыз абалга келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал Ат-Башы жана Нарын райондорунун аймагында да болгон. Натыйжада Нарын районунун Кара-Чий айылында 1 турак үйдүн чатырынын 30 даана профнастилин шамал учуруп кеткен. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.