Кечээ, 22-апрель күнү саат 15:30дан 18:00гө чейин Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды. Анын ылдамдыгы секундуна 16 метрден 28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал Кара-Буура районунда жайгашкан Бейшеке айылындагы Маданият үйүнүн чатырын учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргоону комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.