Депутаттар акимге кен иштетүүгө берилген лицензияны артка кайтарып алуу укугун берүүнү сунушташууда

Парламентте бүгүн, 23-апрелде депутаттар район акимине кен иштетүүгө берилген лицензияны артка кайтарып алуу укугун берүүнү сунушташууда. Сунушту депутат Дастан Жумабеков билдирип, “эгер кайсы бир компания кен иштетүүдө экологиялык нормаларды бузса, маселени жергиликтүү бийлик чечип, лицензиясын алып койсо болмок” деди.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев буга каршы. “Мындай кылууга таптакыр каршымын, анткени мындай кылсак, баш аламандык башталат. Негизсиз дооматтар айтылышы мүмкүн. Ооба, безге жеңил болмок, бирок мамлекеттик масштабда карасак, бул таптакыр туура эмес”,- деди Зилалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан