Ички иштер министрлиги: Изделип жаткан кыздар ата-энелерине телефон чалышып, “сарсанаа болбогула” деп айтышкан

17-апрелден бери дайынсыз жоголуп жаткан кыздарды акыркы жолу Ысык-Ата районуна караштуу Ырыскелди жаңы конушунан көрүшкөн. Учурда жоголгон кыздарды Ысык-Ата РИИБи, Свердлов РИИБинин кызматкерлери жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы издеп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди. 

Маалыматтарга караганда, кыздар ата-энелерине телефон чалып “сарсанаа болбогула” деп айтышкан. 

Эске салсак, Ырыскелди конушунун тургундары: 1995-жылы туулган Кутманбек кызы Айжан жана 1996-жылы туулган Кожомбердиева Айжамал аттуу аталаш эже-сиңдилер изделип жатышкан. 

Маалыматтарга караганда, алар 17-апрель күнү саат 17:30 чамасында Ырыскелди жаңы конушунан чыгып кетишкен боюнча дайынсыз.

Кутманбек кызы Айжан күлгүн түстөгү чакмак көйнөк, жынсы шым, кара күрмө кийип жүргөн.

Кожомбердиева Айжамал кызыл түстөгү чакмак көйнөк, жашыл күрмө жана жынсы шым кийген. Аталган кыздардын жанында Чолпонай Кудайбергенова да болгон. Бирок анын ата-энесинен арыз түшкөн эмес. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
munarbek00
2014-04-23 11:35:33
Сарсана болбогула десе эле издебей койбогула аларды коркутуп жатышкандыр олтуробуз ошонтип айтпасан деп
+12
aziz_zh
2014-04-23 11:38:12
Ошол чалган номери боюнча алардын кайда экенин биле алышбайбы биздин ИИМ?
+11
munarbek00
2014-04-23 11:38:21
Ата энелерден жакшы тарбия корбогондор ошондой болот озум билем дегендер андай кыздар коп азыр бирок
0
tolkun85
2014-04-23 11:43:38
неге толугураак маалымат беришпейт кайда екенин айтышпаганыбы ошондо
0
admin_superstan
2014-04-23 11:44:44
zamazama9, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
0
erikkarakulja
2014-04-23 13:58:20
кызык .бирок бироо зордоп звандатпады бекен теги.
+1
liliya-gul
2014-04-23 14:07:26
Жакшы тушунбой жатам , 17 - апрелден бери дайынсыз экен . Кайсы куну ата - энелерине чалышкан , сарсаана болбогула деп ?
+1
artur_kgboy
2014-04-23 15:32:40
дагы бир жомок
0
tynara81
2014-04-23 17:45:52
Алар менен чогуу болгон кыздын ата-энелеринен арыз түшпөсө, ошолордон барып сурашпайбы.
0
future_kg
2014-04-23 18:09:13
Факт мн айтса боло кичине, мынчанчы куну, саат мынчада чалып айтыптыр деп? Бул кандай ИИМ балдарга жомок айткандай, суйлобой
0
arisbekov
2014-04-23 20:10:42
Кандай кыздар тарбиясы жок ата энесин ойлобогон
0
logist
2014-04-23 21:29:18
булар аталаш деп атпайбы менимче булардын ата энелеринде чон иш бар анан аларды жараштырабыз деп ушундай кылып атса керек.
-1
noeli
2014-04-24 12:01:53
logist, где логика:?
0
adik.01
2014-04-23 22:31:11
Кийинки учурда Кыргызстанда биздин кыргыз кыздар коп жоголо баштады(( ПЕДОФИЛДЕР кобойуп кеткенго, окунучтуу((
0
demo009
2014-04-23 23:02:31
Өткөөл курак менен ойноп атышат го менимче
+2
algajawoo
2014-04-24 00:45:17
Жоголгон кыздар баары 17 жашта баары татынакай Супсулуу кыздар буларды бироо атайын кылып жатаар деп ойлойм бир кыргызча кино чыкты элего жакында кыздарды чогултуп сойкулука сатканы жерден кармашат
Ооо Аллах андай болбосун Астагфиралах
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан