Украинада уурдалган депутаттын жансыз денеси табылды

Славянск шаарындагы дарыядан эки адамдын жансыз денеси табылган. Алардын бири депутат Владимир Рыбак экени белгилүү болду. Бул тууралуу 23-апрелде Украинанын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен "РИА-новости" агенттиги жазып чыкты.

"Бүгүн табылган сөөктөрдүн кимге таандык экени аныкталды. Алардын бири Горловка шаардык кеңешинде "Батькивщина" партиясынан депутат Владимир Рыбак экени такталды. Аларды кыйнап, эс учун жоготкон кезде сууга таштап салышкандан улам мерт болушкан” деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн айтымында, Горловка шаарында 17-апрель күнү белгисиз 4 адам депутатты күч менен унаага отургузуп уурдап кетишкен. 

Каза болгондордун сөөгү 20-апрелде табылган. Рыбак Майданды колдогон ойлорун айтып келген. Ошондой эле Украинада жаңы түзүлгөн бийликти колдоп, Горловка шаарында “Бирдиктүү Украина” митингин уюштурган.

Анын өлүмүнөн кийин президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов чыгышта “антитеррордук” операцияны улантууга чакырды. Турчиновдун айтымында, Рыбак террорчулар тарабынан уурдалып кеткен жана кылмыштар Орусиянын колдоосу менен болуп жатат. 

Славянск жана башка шаарлардагы Орусияга ыктаган куралдуу топтор  төрт тараптуу Женева келишимин арткаруудан баш тартышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан