Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-апрелде өлкөдөгү өрт коопсуздугун алдын алууга багытталган “Өрт коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент” тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, ушу тапта курулуш технологиялары, курулуштардын техникалык талаптары, аларды көзөмөлгө алуу усулдары өзгөрүп жатат. Өрткө техникалык көзөмөл кылуу милдети азыр Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында болгондуктан, техникалык регламент толук иштебей жатат. Жаңы регламентте өрттүн алдын алуу чаралары менен көзөмөл жүргүзүү милдеттери экиге бөлүндү.
ӨКМнын Өрткө каршы кызматынын жетекчиси Нуржан Осмоналиевдин айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында өрт өчүрүүчүлөрдүн саны 1,5 миңге кыскарды. 3 миңге жакын өрт өчүрүүчү алуу зарылдыгы пайда болду. 2013-жылы Кыргызстанда 4288 өрт кырсыгы катталып, 366 миллион 265 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени жана 75 адам каза тапканы белгилүү болду.