“Жалал-Абад электр” ишканасынын жетекчилиги жана кызмат адамдары "мекемеге 1,4 миллион сом зыян алып келген" деп шектелүүдө

“Жалал-Абад электр” ишканасынын жетекчилиги жана кызмат адамдары "мекемеге 1,4 миллион сом зыян алып келген" деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.

Маалыматтарга караганда, “Жалал-Абад электр” ААКнын жетекчилиги 2010-жылдан 2013-жылга чейин жасалма документтер аркылуу Токтогул району жана Кара-Көл шаарчасындагы коммерциялык абоненттерден жана жергиликтүү тургундардан электр энергиясы үчүн ашыкча төлөм алып турган. Учурда бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу", "ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелери менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан