Ыргал Кадыралиева “Куршаб айылындагы бардык социалдык мекемелердин алды Карынбайдын ташы менен төшөлсүн” деп талап кылууда

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева Өзгөн районундагы курулуш материалы катары колдонулган таштын тегерегиндеги көйгөйдү айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, аталган таштын пайдасын жергиликтүү жашоочулар көрбөй жатышат.

“Бизде ал ташты Карынбайдын ташы деп коёт, курулуш материалы катары белгилүү. Ал ташты азыр ишкерлер ээлеп алышып, өлкөдөн сырткары ташып жатышат. Таштын пайдасын Куршаб айылы өзү көрбөй жатат. Аталган айылдагы бардык социалдык мекемелердин алды аталган таш менен төшөлсүн. Мага кайрылып, майда көчөлөргө аталган ташты төшөп берүүнү суранышууда. Түшкөн салыктын эсебинен Кытайдан брусчатка алып келип эмес, ошол таш менен төшөгүлө”,- деп билдирди депутат.

Сунуш Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан