Биринчи Май райондук ИИБине бир нече адамдан Бурул аттуу айымдын алдамчылык иштери тууралуу арыз келип түшкөн. Иликтөө иштеринде аталган айым 1957-жылы туулган Бурул Сартова аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги жана ал өзүн "адвокаттык кызмат көрсөтөм" деп тааныштырганы белгилүү болду. Адвокаттык кызматы үчүн жарандардан акча алары менен Бурул Сартова белгисиз тарапка из жашырып кетчү. Учурда анын үстүнөн үч арыз түшүп, 60 миң сом зыян келтиргендиги айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи Май РИИБи Бурул Сартовадан жабыр тарткандар болсо, төмөнкү телефон номурларына кайрылып коюуну өтүнөт: 0 553 10-26-41, 0 778 28-54-71. Анонимдүүлүккө кепилдик бар.