Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүдөн каза болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон акча бөлдү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Эскерте кетсек, 22-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мектептен кийин муз тепкени кеткен 8 бала кар көчкүнүн алдында калган. Алардын экөө ошол жерде каза болгон.