2013-жылы Кыргызстанга келген туристтердин эсебинен 701 миллион сом киреше түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Туризм департаментинин директору Максат Чакиев Туризмди өнүктүү боюнча комиссиялар аралык жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2012-жылы туризм тармагынан 549,9 миллион сом салык төлөнсө, 2013-жылы 152 миллион сомго өскөн. Максат Чакиев туризмдеги кирешелерди өлчөө туура эмес жүрүп жатканын айтты. Дүйнө жүзүндө бул тармакта киреше туроператорлордун кызматы менен эле өлчөнбөйт. Бул жакка ижарага үйүн берип ишкердик менен алектенгендердин кирешелерин да кошуш керек.