Парламентте бүгүн, 23-апрелде айымдарды сойкулук ишке тарткан жарандардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору талкууланууда. Мыйзам долбооруна ылайык, аталган кылмышка күнөөлүүлөр 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мыйзам долбоору чийки экенин айткан депутат Исмаил Исаков буларды билдирди:
“Идея абдан жакшы, колдойм. Бирок аларды 8 жылга камап коюу менен эмне чечилет? Аларды мамлекет өз акчасына бакканы жатпайбы? Муну азайтабыз десек, таасирдүү жаза бериш керек да. Мойнуна “бул адам бирөөнү сойкулук ишке тартканы үчүн жазаланууда” деген жазуусу бар кагаз илип туруп көчөдө иштетиш керек. Ошондо таасирдүү болот, эл көрсүн”.