Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-апрель күнү саат 16:30да Алма-Ата көчөсүндө катталган. Анда Мерседес-Бенц 230 унаасы менен Тойота Эстима унаасы кагышкан. Анын кесепетинен Тойота Эстимадагы 4 жана 14 жаштагы эки өспүрүм бала каза тапты. Ал эми 2 жаштагы бала жана эки айдоочу ооруканага жаткырылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.