Сүлүктү шаардык төрөт бөлүмүнүн суу түтүктөрүн оңдоо иштеринде баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, оңдо иштерин жүргүзгөн ишкананын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анда Сүлүктү шаардык төрөт бөлүмүнүн суу түтүктөрүн оңдоо иштеринде баалар жогорулатылып, мамлекетке 394 миң сом зыян алып келгени аныкталган.
Учурда бул боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.