Ош облусунун тургуну тиешелүү лицензиялары жок дары-дармек сатып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, Д.А. аттуу адам лицензиясы жок эле дары-дармек сатып жүргөн. Мындай мыйзамсыз ишмердиктен аталган жаран 647 миң сом киреше тапкан. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесине (мыйзамсыз ишкердик кылуу) ылайык кылмыш иши козголду.