Алмазбек Атамбаев элчилерге Ишеним грамотасын тапшыруу учурунда Советтер Союзун кайтаруу мүмкүн эместигин айтты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-апрелде Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчилерине Ишеним грамотасын тапшыруу учурунда: “Бизде Латвиянын тышкы иштер министри болгон. Биз Балтика өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдарбыз. Москвада окуп жүргөндө латвиялык студенттер мага жакшы таасир калтырышкан. "Советтер Союзун кайтаруу мүмкүн" деп ойлогондордун акылы кем”,- деп билдирди. 

Өлкө башчыдан Ишеним грамотасын Австралия, Сербия, Мексика, Словения, Голландия, Латвия, Палестина, Португалия мамлекеттеринин элчилери алышты. Алар: Австралиянын элчиси Пол Эндрю Майлер, Сербиядан - Словенко Терзич, Мексикадан - Улисес Канчола Гутьерра, Словениядан - Примож Шелиго, Нидерландыдан - Хенри Юбер Дриссер, Латвиядан - Юрис Маклаковс, Португалиядан - Марио Годиньо де Матуш, Палестинадан - Мохаммед Абдулла Таршхани. Бул маалымат бүгүнкү грамота тапшыруу аземинде белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан