Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 27-майда Баткен шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Жыйындын темасы: “Баткен облусундагы билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги”.
Маалыматты 23-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.