ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерден чоң суммадагы акча өндүрүп жаткан жеринен үч айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, аталган айымдар ишкерди жыныстык байланыштары тууралуу маалыматтарды ачыктап, "тууганыбызды зордуктады" деп арыз жазышарын айтып коркутушкан. Жыйынтыгында ишкердин эки автоунаасын нотариус аркылуу каттатып алышкан. Ошондой эле 1 миң доллар сурашкан.
21-апрель күнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы айымдар кезектеги 1 миң долларды алып жаткан жеринен кармалышты.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.