Кара-Балтада “күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн” деп шектелип 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 1960-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын бычактан жараат алып каза болгону аныкталган. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары өлгөн адамдын 1962-жылы туулган аялы кармалды. Анын айтымында, уруша кетип бычак менен сайып салган.