Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “Операция Ы” тасмасындагыдай системди колдонууга макул жана милиция кызматкерлеринин жарандардын коомдук иштерди аткаруусун көзөмөлдөшүн колдойт. Бул тууралуу ички иштер министри Абдулда Суранчиев парламенттин 23-апрелдеги жыйынында билдирди.
Айтымында, депутат Дастан Бекешев демилгелеп жаткан мыйзам долбоор туура.
“Биз “Операция Ы” киносундагыдай, тартип бузган жарандарды коомдук жумуштарга жөнөтүү системин кошсок болот. Аны аймактык милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турса болот”,- деди Суранчиев.