Кыргызстандын Коргоо министрлигинде генерал наамын алган 2 гана адам бар. Муну парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди.
“Коргоо министрлигинде 2 эле генерал бар. Министрликтин башчысы жана анын орун басары. Башкы штабда генерал жок, жалаң полковниктер. Милициядагылар боюнча эч нерсе айта албайм”,- деди депутат.
Айта кетсек, депутат Исаков класстык, атайын класстык чиндерди аскердик чинге теңөөнү жокко чыгара турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат.