Барак Обама Украинадагы абалды Азия өлкөлөрү менен талкуулайт

АКШнын президенти Барак Обама бүгүн, 23-апрелде бир апталык иш сапары менен Азия жана Тынч океан аймактарына чыгат. Ал Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Филиппинге барат. Бул тууралуу президенттин катчысы чет элдик маалымат булактарына кабарлады.

Обама иш сапарынын алкагында аталган өлкөлөр менен Украинадагы кырдаалды талкууга алат. Анын иш сапарындагы негизги максаты - АКШ менен жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөө. Ал эми Токиодо Обама менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абе мындан мурда пландалып, бирок токтоп калган “Тынч океан боюндагы өлкөлөрдүн өнөктөштөгү” Эл аралык соода-экономикалык уюмунун түзүлүшү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан