Каримов менен Рахмон кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
Өзбек президенти Ислам Каримов менен тажик президенти Эмамоли Рахмон Алмазбек Атамбаевге Жаңы жылдык куттуктоо катын жөнөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрь күнү Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Ислам Каримов жана Эмамоли Рахмон жалпы Кыргызстандын
элин жана президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктап, жылуу тилектерин билдиришкен.