Жыл башынан бери өлкө аймагында 836 өрт кырсыгы катталган

Жыл башынан бери өлкө аймагында 836 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди. 

Маалыматка караганда, 2013-жылдын биринчи кварталында 794 өрт кырсыгы катталган. Ал эми 2014-жылдын биринчи кварталында 836 өрт болгон. Анын кесепетинен жарандар 78 миллион сомдон ашык зыян тартышкан. Өрттөн каза болгондордун саны - 30. Алардын бирөөсү жаш бала. Куткарылгандардын саны 111ди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан