“Өкмөт жасай албаган иши үчүн Жогорку Кеңешти күнөөлөбөсүн” деди Асылбек Жээнбеков

“Өкмөт жасай албаган иши үчүн Жогорку Кеңешти күнөөлөбөсүн” деди төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин 23-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, "депутаттардын жардамчылары Мамлекеттик салык кызматына ишке орношкону үчүн салыктар боюнча план аткарылбай калды" деген айыптоолор туура эмес. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев: “Аталган мекеменин өкүлү теледен “депутаттардын 50 жардамчысы Салык кызматына келип, Салык кызматы планды аткара албай калды” деп айтып жатат. Ошол депутаттардын баарынын аттары аталсын. Негедир менин да ысымым жүрөт, 4 жылдан бери бир да адамды кызматка койгон жокмун”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан