Эльвира Сариева: “Туризмди туруктуу өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү - өкмөттүн приоритети”

“Туризмди туруктуу өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү - өкмөттүн приоритети”,- деп билдирди бүгүн, 23-апрелде вице-премьер-министр Эльвира Сариева Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын отурумунда.

Сариева туризм чет элдик валютанын агымын камсыздаган, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошкон, кошумча жумушчу орундарын түзгөн экономиканын приоритеттүү тармагы экендигин белгиледи.

Жыйында туристтик бизнес өкүлдөрү менен мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрү көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн аракетинде бир катар сунуштарды киргизишти жана чек ара пункттарындагы процедураларды жөнөкөйлөштүрүү маселесин айтышты.

Ошондой эле жайкы туристтик мезгилге даярдыктар боюнча маалымат угулду. Жыйындын соңунда вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер боюнча тез арада чечим кабыл алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан