Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында 31-декабрь күнү Аяз ата жана Аяз кыздардын салтанаттуу жүрүшү болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Салтанатка Бишкектин мэри Иса Өмүркулов катышат. "Ала-Тоо" кинотеатрынан башталган жүрүш "Ала-Тоо" аянтына бет алат. 31-декабрь күнү кечинде шаардын тургундарына жана конокторуна майрамдык концерт болот. Концертти эстрада жылдыздары коштоп, майрамдык концерт фейерверктердин атылышы менен аяктайт.