Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев акыйкатчыны шайлоо тартибине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Анын билдиришинче, төрага, министрлер, соттор, комитет башчылары кандай шайланса, акыйкатчы да ошондой жол менен шайланышы керек. “Мурда жумшак рейтинг деп бир депутат бир нече талапкерге добуш берип, процесс татаалдашып кетчү. Ушуну өзгөртөлү деп жатабыз”,- деди депутат.
Буга депутат Курмантай Абдиев каршы чыкты. “Демократиялуу жол менен кетебиз десек, акыйкатчы шайлоону мурункудай бойдон калтыралы. Мындай кылсак, коалициялык көпчүлүк сунуштаган талапкер гана өтөт” деген сын айтты ал.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси “бир депутат бир добушка ээ деген принципти көп эле учурда, анын ичинде комитет төрагаларын шайлаганда колдонуп жатабыз го” деди эле, Абдиев “комитет төрагаларын шайлоодо өтө берет” деген жооп узатты.
Мындан кийин Өмүрбек Текебаев: “Демократиянын принциби бузулат деп жатасыз. Эмне, сиздин оюңузча, комитет төрагаларын шайлоодо ал принцип бузула берсинби? Логика кайда? Мени менен достошпосоңуз да, логика менен достошпойсузбу? Сиз терең жаңылышасыз”,- деди.