Жогорку Кеңеште төрага менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-апрелде төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Бекешев жарандардын парламентке экскурсияга келиши боюнча жобонун кабыл алынышы Жогорку Кеңештин ачыктыгына доо кетирет деп эсептейт. Суроосуна жооп берип жатканда Бекешев төраганын сөзүн бир нече ирет бөлдү эле, буга Асылбек Жээнбеков кызууланды. “Сизди уктум, эми жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. Башкаларды урматтайсызбы же сиздики ар дайым туурабы?” деген төрага парламент жарандар үчүн ачык-айкын бойдон кала турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан