Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орто Азия боюнча Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык мүдүрү Моаззам Мекан жана Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Мартин Негел менен жолукту.
Анда премьер-министр Кыргызстандын ачык экономикасы коңшу мамлекеттердин күчтүү экономикасынан көз каранды экенин баса белгилеп өттү.
“Биздин экономика коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөргө маани берет. Анткени ал Кыргызстандын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет. Экономиканын өнүгүшүнүн приоритети катары инвестициялык абалды жакшыртуу керек. Сиздердин роль да абдан маанилүү. Өзүңүздөр билгендей, өнүгүү институту салган 1 доллар жеке сектордо 5-6 долларга айланат”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы Эл аралык каржы корпорациясы менен кызматташтыктын негизги багыттарын айтты. Алар: коррупциялык механизмдерди жоюу жана бөлүштүрүү компанияларын башкарууга келишимди колдоо менен энергетика тармагынын натыйжалуулугун өстүрүү, корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү аркылуу жана корпоративдик маданияттын деңгээлин жакшыртуу менен мамлекеттик компаниялардын ишин илгерилетүү.
Моаззам Мекан өз кезегинде Жоомарт Оторбаевди премьер-министрлик кызмат орду менен куттуктап, акыркы жылдарда Эл аралык каржы корпорациясынын портфолиосу кеңейгенин айтты жана уюм Кыргызстан менен кызматташтыкты бекемдөөгө бар аракетин жумшаарын билдирди.
“Биз инвестиция көлөмүн абдан эле кеңейттик, долбоорлордун санын, Бишкектеги кызматкерлердин штатын дагы. Учурда биздин долбоорлор мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүнө багытталган. Биздин жасаган иштердин ичинен мисалга алсам, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге уюштурган Бөйрөктүн диализи борборунун иши, калаа муниципалитети менен жасалган көчөлөрдү жарыктандыруу иштери",- деди Моазамм Мекан.