Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. 2013-жыл жалпы эл үчүн тынччылык менен өнүгүү, ынтымак менен биримдик, кайрымдуулук менен боорукерликтин жылы болсун! Өтүп бараткан жыл кыйла татаал болгондугуна карабастан, Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилинен болуп калды. Турмушубузга көптөгөн жаңы саамалыктар кирип, жакшы жөрөлгөлөр жаралуу менен, коомубузда жаңылануу жышааны байкалууда. Ошондон улам өз келечегибизге илгери үмүт байлап, чоң ишеним артып турабыз. Жаңы жыл үй-бүлө майрамы да болуп саналат. Биз Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылын жыйынтыктап жатабыз. Үй-бүлө – кичи мамлекет, үй-бүлө – турмуш башаты. Ошондуктан ар бүлөдө ынтымак болуп, жалпы мамлекетте тынччылык өкүм сүрсүн! Кыргызстандын калкы бардык күнүмдүк кыйынчылыктарды жеңип чыгып, мамлекетибиз келечекте чыныгы демократия жолуна түшүп, телегейи тегиз өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошула турганына терең ишенем. "Жакшы тилек – жарым ырыс" дейт, андыктан 2013-жыл баарыбыздын жарык маанай, аруу тилектерибиз жүзөгө ашкан жыл болсун! Биз калк турмушуна алгылыктуу өзгөрүүлөрдү алып келген жаркын окуялардын күбөсү бололу! Дагы бир ирет Жаңы жылыңыздар менен!"