Бишкекте "маршруттук таксидеги жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн 78 220 сом акчаны уурдап алган" деген шек менен 47 жаштагы Талант аттуу жаран кармалды.
Милицияга Бишкектин 40 жаштагы Александр аттуу тургуну кайрылган. Ал №212-маршруттук таксиде бара жатканда анын чөнтөгүнөн 78 220 сомун жана документтерин белгисиз адам уурдап кеткендигин кабарлаган.
Укук коргоо органдары тарабынан аталган кылмышка шектүү катары борбор калаанын жашоочусу, 47 жаштагы Талант колго түшүрүлдү.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн 23-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.