Парламентте бүгүн, 23-апрелде вице-спикер Төрөбай Зулпукаров “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин депутаттарга маалымат бербей кетип калышына уруксат берген жок. Анын суранычын жыйында айрым депутаттар айтышып, “Маселени комитет, фракцияларда карап жатабыз го. Газ жок учурунда парламентте күтүп отура бербей, иштей берели” дешүүдө. 2 депутаттын чакыруусу менен эртеден бери күтүп отурушат, каршылык жок болсо кете беришсин” дешти.
Буга вице-спикер макул болгон жок. “Чакырылгандан кийин депутаттарга маалымат беришсин” деди ал.
Айта кетсек, эртең менен депутат Дастан Бекешев Ош шаарындагы 100 миңдей жаран газсыз отурганын айтып, бул боюнча тийиштүү мекеменин башчыларынын маалымат беришин талап кылган эле.