Жылнаама, 24-апрель: Жаштар биримдигинин эл аралык күнү

* 24-апрель Жаштар биримдигинин эл аралык күнү катары белгилинет. Майрам жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууга багытталган.
* 75 жыл мурун, 1939-жылы Кыргыз аэроклубунун курсанттары биринчи жолу абага көтөрүлүшкөн. У-2 тибиндеги учакты аэроклубдун курсанттары башкарып, алар борбор шаардын орун алышы менен куш учкан бийиктиктен таанышууга мүмкүндүк алышкан.
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы куудул Назира Жетигенова Талас шаарында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң, медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. Биринчи жолу 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. 
Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалынан 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл - тараза, эл - сынчы” сынагынан 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалынан 1-орун­ду алган.
* Мындан 72 жыл мурун, 1942-жылы америкалык ырчы жана актриса Барбара Стрейзанд АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында туулган. Барбара Стрейзанд мектеп курагында хордо ырдап, музыкага болгон кызыгуусу күч болгон. Бирок ырчы болом деген тилегин апасы колдогон эмес. Апасы кызынын өң-келбетин ырчылыкка туура келбейт деп эсептеген. Ошентип, 1959-жылы Барбара Стрейзанд мектепти аяктап, ар кандай кароо-сынактарга катыша баштаган. Анын ырчылыкка караганда актриса болуу максаты алдынкы орунда болгон. 1962-жылы Барбара Стрейзанд эң алгачкы жолу Бродвейде чакан мюзиклде ойногон, бирок ошол чакан мюзикл ырчыга чоң ийгилик алып келген. Ошол эле жылы "Columbia Records" менен келишим түзгөн. Ал эми 1963-жылы ырчынын "The Barbаra Streisand Album" аталыштагы алгачкы дебюттук альбому жарык көргөн. Дал ошол альбому үчүн Барбара Стрейзанд эки "Грэмми" сыйлыгына арзыган. Ошентип, өзүнүн бүткүл музыкалык карьерасында 60тан ашык альбом жаздырган.
Барбара Стрейзанд композитор, режиссёр, продюсер жана саясий активист катары да белгилүү болгон. Анын сыйлыктары тууралуу айта турган болсок, "Мыкты актриса", "Мыкты өзгөчө ыр" деп эки "Оскарга" ээ болсо, "Эмми", "Грэмми", "Алтын глобус" сыйлыктарынан да куру кол калган эмес.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан