Депутаттар айрым райондордун борборлорун башка жакка көчүрүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутаттар өлкөдөгү айрым райондордун борборлорун башка жакка көчүрүүнү сунушташты. Муну депутат Курмантай Абдиев айтып, бир катар райондорду мисал кылды.

“Сузак районунун борбору райондун эң четинде. Алыскы айылдар район борборунан 70 чакырым алыстыкта. Кара-Суу, Базар-Коргон районун да мисал кылсак болот”,- деди депутат.

Абдиев кыргыз-кытай чек арасындагы "Пикертык" жылынуучу жайын сынга алды. “Пикертык кыргызча же орусча эмес. Эгемендик алганыбызга 23 жыл болду, ушуга окшогон нерселерди оңдоп чыгышыбыз керек”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан