Сирияда президенттикке биринчи талапкер арыз берди

Бүгүн, 23-апрелде Сирияда шайлоо комиссиясына президенттикке биринчи талапкер, өлкө парламентинин депутаты Махер Абдул Хафиз Хаджар арыз берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Хаджар 1984-жылдан бери Сириядагы Коммунисттик партиянын курамында. Сириядагы каатчылыктын алгачкы баскычтарында өкмөткө каршы акцияга катышканы айтылды.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Сирия парламенти президенттик шайлоону 3-июнга белгилеген.

Талапкерлердин арызын кабыл алуу 1-майга чейин улантылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан