Өмүрбек Текебаев: “Конституциялык палатага туура эмес чыгарган чечимдерин кайра кароого укук берилиши керек”

Конституциялык палатага туура эмес чыгарган чечимдерин кайра кароого укук берилиши керек. Муну, бүгүн 23-апрелде парламент жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Анын билдиришинче, 120 депутат кетирген катаны Конституциялык палата оңдоп турушу шарт.

“Аталган палатадагы 9 адамдын 5-6сы жаңылбайт деп айта алабызбы? Муну тарыхтан көрдүк, Бакиевдин тушунда Конституцияны өзгөрткөндө дүйнө эли таң калды го. Эртең бирөө Конституциялык палатадагы 5 кишиге миллион доллардан берсе, алар Убактылуу өкмөттүн декреттери мыйзамсыз экен, Конституциясы да туура эмес, Бакиев өзү келип башкарсын десе эмне кылабыз? Ушундай болот экен. Буга Кыргызстандан, Украинадан мисал келтирдим”,- деди Текебаев.

Мындан кийин микрофондогу убактысы бүттү. Текебаев убакыт кошуп берүүнү өтүндү эле, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров макул болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан