Аламүдүн айылында кичинекей наристеси менен бара жаткан 26 жаштагы айымды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 20-апрель күнү саат 21:40 чамасында Курманжан датка көчөсүнөн белгисиз үлгүдөгү унаа 26 жаштагы жанында баласы бар айымды сүзүп кеткен. Алган жарааттардан аталган айым окуя болгон жерде көз жумуп, наристе оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында унаадан калган сынык бөлүктөр Ауди үлгүсүндөгү унаага таандык экени байкалып, кылмышка шектүү катары Ленин айылынын 36 жаштагы тургуну кармалды.