Чүйдө чек арачылар тарабынан күйүүчү май ташуучу жашырылган түтүк табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 23-апрель күнү “Камышановка” чек ара заставасынын жоопкерчилигиндеги аймакта жашырылган түтүк табылган. Ал дарыянын түбүнө жайгашкан. Түтүк аркылуу аткезчилер коңшу Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май өткөрүүнү пландап жүрүшкөн.