Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Чүй чек ара бөлүмүнүн чек арачылары тарабынан кыргыз-казак чек арасынан мамлекеттик чек аранын режимин бузгандыгы үчүн кыргызстандык үч жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жарандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.