Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-апрелде бир катар улуттук мыйзамдардын жоболорун бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча өкмөттүн демилгеси каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбооруна ылайык, "КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Аксакалдар соттору жөнүндө", "Шаар куру жана архитектура жөнүндө" жана башка бир нече мыйзамдарга түзөтүү киргизилгени жатат.
"2010-жылы КРнын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Мисалы, азыр "шаар тибиндеги калктуу конуш" деген түшүнүк жоюлуп, шаарга же айылга айланды. Андан сырткары "жергиликтүү кеңеш", "айыл округу", "өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү" деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Ошондон улам мыйзамдарда камтылган айрым түшүнүктөрдү бири-бирине шайкеш келтирүү зарылчылыгы пайда болду",- дейт депутат Абдыманап Кутушев.