"Бишкекте уюлдук телефондорду уурдап жана тоноочулук менен алектенип жүргөн" деп шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кечээ, 23-апрелде билдирди. Белгилүү болгондой, аталган кылмыштуу топко 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну Руслан Сейитказиев жана Ош облусунун 20 жаштагы тургуну Раимжан уулу Расул кирген. Алар жарандардын уюлдук телефондорун тартып алып же тоноп жүрүшкөн. Учурда бул адамдардан жабыркаган 5 адам укук коргоо кызматкерлерине кайрылды. Иликтөө иштери уланууда.