Парламент депутаты Айнуру Алтыбаева Конституциялык палатага өз чечимдерин кайра карап чыгуу укугун берүүнү колдойт. Муну депутат ЖКнын 23-апрелдеги жыйынында аталган маселеге байланышкан мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. “Эгер бул мыйзамды кабыл алсак, анда Конституциялык палатанын чечимдери боюнча арызданган жарандардын саны кескин кыскарат”,- деди депутат.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.