Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутаттар Бишкектеги мектептердин алдында гүл өстүрүлбөй жатканын сындашты. Исмаил Исаков: “Мектептердин көбүнүн аянты кенен, бирок айланасы чаң. Гүл өстүрүлбөйт. Гүл өстүрүлсө, балдарга китептен тышкары сырттан өсүмдүктөр боюнча сабак өтүүгө болмок. Окуучулардын ден соолугуна да жакшы болмок”,- деп билдирди.
Депутат мектептерде башталгыч класстын балдары үчүн ойной турган аянттар жок экенин кошумчалап, бул боюнча мэриянын өкүлүнө сунуш айтты.