"Кылмыш жоопкерчилигине адамдардын кылмыш кылганы жөнүндө жалган маалымат тараткандар тартылат",- деп билдирди депутат, ММКлардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Эристина Кочкарова. Муну депутат бүгүн, 23-апрелде "Парламент" радиосунун түз байланышында айтты.
"Бул документти сынга алгандар кылмыш жоопкерчилигине кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар тартыла турганын эске албай жатышат. Конституцияга ылайык, кылмыш кылганы сот тарабынан аныкталмайынча, адам кылмышка күнөөлүү болуп саналбайт. Адамдын кылмыш кылгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандарга карата кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштыруу Конституцияга каршы келбейт жана сөз эркиндигин чектебейт",- дейт Кочкарова.
Депутат акыркы жылдары адамдардын кылмыш кылгандыгы же кылмыш ишине катышы бардыгы жөнүндө жалган маалымат таратуу жигердүү колдонулуп жатканын белгиледи.
"Адамдын кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат таратылган учурда жоопкерчиликке аны жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаты эмес, ал маалыматтын булагы тартылат",- дейт Кочкарова.