Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Исмаил Исаков борбор шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулованы сынга алды. Депутат вице-мэрден кызматка орношкондон кийин канча мектептин абалын көрүп чыкканын сурады. Буга Рыскулова “Чынын айтыш керек, Туңгуч кичи районундагы бир гана мектепке барууга үлгүрдүм. Башкаларын кыдырып чыгууга убактым болгон жок” деп жооп берди.
Мындан кийин Исаков буларды айтты:
“Жетекчилер түнү менен болсо да кыдырып чыгышы керек, ансыз болбойт. Азыр суроо берейин дейм, бирок жооп бере албайсыз”.
Жыйында шаардык кеңеште депутат болуп иштеп жаткан мектеп директорлорунун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү. Депутаттардын билдиришинче, борбор шаарда бир учурда бир нече кызматта иштеген 4 мектеп директору бар.