Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы мектептердеги билим берүүнүн абалы каралды

Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында “Бишкектеги бала бакча жана мектептердеги билим берүүнүн абалы, аны өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды. Талкууда депутаттар тармактык комитеттин Бишкектин мектептериндеги билим берүүнүн абалы боюнча жакшы иш алып барбагандыгын белгилешип, билим сапатын жакшыртуудагы айрым маселелер, класстардагы балдардын санынын ашыктыгы, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу, айрым мектеп директорлорунун өзүм билемдиги сындуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Ошондой эле шаардын билим берүү мекемелеринин айрым жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунушташты.

Борбор калаадагы билим берүү жаатындагы кырдаалды жакшыртуу үчүн өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине, мэрияга конкреттүү тапшырмаларды берүү сунуштары да айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан