Дастан Бекешев: “Адам максат коюп, күн сайын алдыга умтулса, акыры анын үзүрүн көрөт”

Чүй облусундагы Токмок шаарынын мектеп окуучулары 23-апрелде парламентке экскурсия жасашты. Окуучулар Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүн көрүп, тармактык комитеттер менен парламенттик фракциялардын жыйындары өтчү залдар менен таанышты.

Депутат Дастан Бекешев менен жолугушканда окуучулар Кыргызстанды өнүктүрүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө байланыштуу суроолорду берип, жоопторду алышканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бекешев балдарды алдыга коюлган максаттарга жетүүгө, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды. “Эгер адам алдына максат коюп, күн сайын алга жылып отурса, акыры анын үзүрүн көрөт. Баары колдон келет",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан